Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

Таиланд соту орусиялык курал соодагерин АКШга өткөрүп берүүнү чечти


Виктор Бутту АКШга экстрадициялоо боюнча чечимди бүгүн Таиланддын апелляциялык инстанциядагы соту чыгарды. АКШ советтик армиянын мурдагы офицери, 43 жаштагы Виктор Бутту курал соодасынын “барону” деп эсептейт. АКШнын тергөө органдарынын маалыматы боюнча ал саткан курал –жарак Түштүк Америка, Жакынкы Чыгыш, Африка өлкөлөрүндөгү жарандык согуштарда колдонулган. Анын кардарлары арасында Либериянын мурдагы президенти Чарльз Тейлор, Ливиянын лидери Муаммар Кадафи да бар. Виктор Бут өзү ал америкалыктар жасаган чагымдын курмандыгы болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG