Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Нарындын мурдагы губернатору Чекиевди атып кетишти


Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка караганда, Тынчтыкбек Чекиевди 13-августтун түнүндө Сокулук районунун Жал айылындагы өз үйүндө белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Денесинин төрт жерине ок тийип, жарааттан каза тапкан. Белгисиз адамдар аткан октон Чекиевдин жубайы да жабыркап, учурда ооруканада жатат. ИИМдин басма сөз кызматы бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, атайын кылмыш иликтөө тобу түзүлгөндүгүн кабарлады. Мурдагы мамлекеттик кызматкерди атып өлтүрүүнүн себептери тууралуу расмий маалыматтар таратыла элек.

Тынчтыкбек Чекиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Жети-Өгүз районунун акими, Нарын облусунун губернатору кызматтарында иштеген. Губернаторлук милдетти 2009-жылдын 11-ноябрынан 2010-жылдын 9-мартына чейин аткарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG