Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:32

Хьюман Райтс Уоч уюму укук коргоочу Азимжан Аскаровдун таламын талашууда


Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму билдирүү жасап, кыргыз бийлиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүүгө тийиш деди. Бийлик анын укуктарын одоно бузуп жатат, - деди уюмдун адиси Анна Нейстат. Аскаров тополоң чыгарган жана улут аралык жек көрүүчүлүккө жем таштаган деген кине менен 15-июнда Базар-Коргондо кармалган. Мыйзамга ылайык, расмий айып ага 48 сааттын ичинде тагылууга тийиш эле, бирок ал 18-июнда ага айыпталган. Уюмдун ырастоосунда, бийлик анын өзү тандаган адвокат менен жолугушуусуна тоскоолдук түзүшүүдө. Хьюман Райтс уочтун кийлигишүүсүнөн кийин гана Аскаровго жергиликтүү укук коргоочу уюм таап берген адвокат менен жолугушууга уруксат берилген, - делинет билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG