Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Грекиядагы финансылык кризис еврону алсыратты


Грекиядагы катаал финансылык кризистин келечегине байланыштуу евроакча кескин арзандады. Нью-Йоркто бир евронун наркы 1 доллар 32 центке түштү. Бул быйылкы эң төмөнкү көрсөткүч. Шейшемби күнү Standard & Poor агенттиги Грекия кризистен чыгуу үчүн жетерлик чара көрбөй жатат деп, өлкөгө “инвестиция үчүн ылайыксыз” деген рейтинг берген жана Португалиянын да рейтингин төмөндөткөн.

Европа борбордук банкынын төрагасы Жан-Клод Трише не Грекиянын, не евромейкиндиктин башка мүчөсүнүн карыздарды төлөй албай калышы боюнча “эч кандай суроо” жок деп билдирди жана Грекияга шашылыш жардам берүү боюнча сүйлөшүүгө комментарий берүүдөн баш тартты.

Грекия быйыл Европа монетардык союзу жана Эларалык валюта фонду-МВФтен 45 миллиард евро карыз алууну каалайт. Бирок өлкө кредитти өз маалында төлөй албайт деген чочулоо күч.

МВФтин башчысы Штраус- Хан француздардын “La Tribune” гезитине берген интервьюда валюта фондунун жардамысыз Афины “жарга” кептелерин жана финансылык тартипти калыбына салуу үчүн грек өкмөтү “катаал” чечимге барыш керек экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG