Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

Кыргызстандын укук коргоо органдары Е.Гуревичти кармоо аракетин көрүп жатат


Чулгандуу “MGN Group” компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревичти кармоо боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары иштеп жатканын “Азаттыкка” башкы прокурордун орун басары Кубан Асангелдиев билдирди. Ал азырынча кармоонун чоо жайы жөнүндө толук маалымат берилбей турганын айтты.

Буга чейин “Дело №” гезити эл аралык шылуун катары айыпталып жаткан Е.Гуревичтин Казакстандын Алматы шаарында кармалганын жазып чыккан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Евгений Гуревичти экс-президент К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен биргелешип, Кыргызстан Орусиядан алган миллиондогон насыя каражаттарды каалагандай калчаган деп шек саноодо. Башкы прокуратура өткөн жумада М. Бакиевге каршы "Кызмат абалынан пайдалануу” жана “Мамлекеттик насыяны максатсыз пайдалануу” кылмыш ишин козгогон.

Былтыр февраль айында түзүлгөн келишим боюнча Орусия Кыргызстанга 40 жылга 300 миллион доллар насыя берген. М. Бакиев Өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин төрагасы кызматын ээлеп турганда пайда көрүү максатында ал насыянын 35 млн. долларын өзүнө тиешелүү коммерциялык банктардын эсебине которуп салган.

Калган каражатты Өнүктүрүү фондунун директору А.Елисеев М.Бакиев менен сүйлөшүп алып, Евгений Гуревичтин “MGN Asset Management” компаниясына которуп жиберген. Е. Гуревич өз кезегинде колго тийген кредитке республиканын чегинен сырткары биржалардан баалуу кагаздарды сатып алып кайра сатып, каалагандай туйтунган деп шектелүүдө. Бул маселе боюнча Гуревичтин өзүнөн пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG