АКШ бийликтери террордук коркунучту азайтуу максатында Америкага учкан жүргүнчүлөрдү текшерүү дагы күчөтүлгөнүн жарыя кылды. Жаңы чара өткөн декабрда нигериялык жигиттин АКШлык учакты жардыруу аракети ишке ашпай калгандан кийин 14 өлкөдөн келген авиажүргүнчүлөрдү кылдат текшерүү жөнүндөгү чечимди алмаштырат. Вашингтон террорчулардын коркунучу бар деген 14 өлкөгө Куба, Иран, Судан, Сирия, Ооганстан, Алжир, Ирак, Ливан, Ливия, Нигерия, Пакистан, Сауд Арабиясы, Сомали жана Йемен кирет.