Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Президент Барак Обама Ооганстанга алты сааттык сапарга келип кетти


АКШ президенти Кабылда Ооганстан президенти Хамид Карзай менен болгон кездешүүдө коррупцияга каршы күрөш аймактагы экстремисттер менен болгон согуштагы ийгиликти коштоого тийиш экенин айтты. Обама ошондой эле Баграм аэродромунда АКШлык аскерлерге кайрылып, согуштагы ийгиликке ишенгенин билдирди:

- Алдыда дагы айрым катаал күндөр жана жоготуулар болот. Биздин алдыбызда тайманбас жоо турат. Америка Кошмо Штаттары баштаган ишин токтотпосу баарыбызга маалым.

Президент Обама Ооган жерине кошумча дагы 30 миң аскер жөнөтүүнү буйруган. Жыл соңуна Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны 100 миңге чыгат. Ооганстанда андан тышкары НАТОго мүчө өлкөлөрдүн 40 миң колу бар.

XS
SM
MD
LG