Жаңы конуштагылардын жаны кашайды

1
Бийликтин кайдыгер мамилесине нааразы болуп чыккандар конуштарды суу, электр жарыгы менен камсыз кылууну талап кылышты.

2
Ак- Жар конушу жайгашкан жер жеке менчикте болгондуктан, бул жерде там салгандар ушул маселени чечүүнү талап кылышты.

3
Чогулган бир жарым миңге чукул адамды тартип коргоо органдары күч менен таратууга аракет жасашты. Жергиликтүү элдин айтымында беш адам сабалып, аларга тез жардам чакырылды.

4
Ак-Жар Бишкектин жанында жаңы пайда болгон конуштардын бири. Жол, суу жана башка чарбалык социалдык маселелер чечиле элек.

5
Бул конушта өзгөчө таза сууга жетүү чоң көйгөй, бул жактын тургундары бир нече чакырым алыстан барып суу алып келишет.

6
Аламүдүн районунун акими нааразылык чыккан жерге барып, жер маселеси сот аркылуу гана чечиле турганын, тийиштүү аракеттер жасалаарын билдирди.

7
Айылда жашагандар чечилбеген маселелер жөн үндө мамлекеттик бийлик адамдарына арыздана берип, тил тешилгенин айтышат.