Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Грецияда жалпы улуттук иш таштоо өтүп жатат


Бүтүндөй өлкөдө коомдук транспорт токтоп, учактар учпай, мекемелер, мектептер жабык турат. 24 сааттык иш таштоо өкмөттүн финанасылык кризистен чыгууну көздөп киргизген катаң чараларына нааразылык билдирүү иретинде өткөрүлүүдө. Афины жана башка шаарларда нааразылык жүрүштөрү күтүлүүдө. Өкмөт коомдук секторго акча бөлүүнү убактылуу токтотуу, салыктарды көбөйтүү, пенсия жашын 61ден 63кө көтөрүүнү чечкен. Бийлик мындай чаралар бюджет тартыштыгын жана өңчөй карызды көзөмөлдөө үчүн керек деп ырастоодо. Грециядагы кризис орток валюта – евронун арзандашына алып келди.

XS
SM
MD
LG