Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

“Азаттыктын угармандары” кыймылынын өкүлдөрү Акыйкатчыга нааразы


Бул туурасында бүгүн аталган кыймылдын лидери Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” кабарлады. “Биз бир нече жолу Акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылып, үналгыны УТРК ыңгайлуу жыштыгына чыгарууга жардам көрсөтө аласызбы деп өтүнгөнбүз. Акыйкатчы болсо бул өтүнүчкө карата бир да жолу жооп кайтарган эмес. Андыктан анын парламенттеги “Азаттык үналгысына” байланышкан сөзү жалган, биз ага нааразылык билдиребиз”, - дейт кыймыл лидери Өндүрүш Токтонасыров. Ал эми акыйкатчы Т. Акун кечээ парламенттеги отчёту учурунда, “Азаттыкты” өлкө аймагына угузуп, телеберүүлөрүн көрсөтүү маселесин бир нече ирет УТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановго айтканын, бирок андан эч бир майнап чыкпаганын белгилеген болчу. (JJ)

XS
SM
MD
LG