Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

Обама Иранга каршы жаңы санкция жакынкы апталарда жарыяланат деди


АКШнын президенти Барак Обама “Ирандын начар иш-аракеттерине” каршы эл аралык коомчулук жооп кайтарганга даяр экенин билдирди.

- Иран өзөктүк программасы жайчылык максатты гана көздөөрүн айтканы менен, жасап жаткан аракеттери куралданууга багытталганын айгинилөөдө. Муну АКШ эле эмес, жалпы эларалык коомчулук жактырбайт, - деди Обама.

Улуттар Уюму Иран боюнча кооптонууларды азайтуу үчүн Тегеранга сунуш киргизген, бирок аны Иран четке каккан эле. Кечээ Ирандын маалымат каражаты өлкө уранды 20 пайызга чейинки деңгээлде байыта баштаганын кабарлаган. Батышта айрым мамлекеттер Иранды “атомдук бомба жасаганга аракет кылып жатат” деп кооптонушат. Иран болсо уранды жайчылык максатта гана байыта турганын билдирүүдө.


XS
SM
MD
LG