Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

Жарды бүлөлөрдүн турак-жай субсидиясына 348,8 млн. сом төлөнөт


Буга байланышкан буйрукка өкмөт башчы Данияр Үсөнов 3-февралда кол койду. Буйрукка ылайык бул каражаттын 311 миллион сому Бишкектиктерге, 37,7 миллион сому Ош шаарына бөлүнөт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ өкмөттө “Электр тармактарынын тарифтери өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек, Ош шаарларына республикалык бюджеттен компенсация бөлүү” маселеси каралган.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда социалдык колдоого муктаж Бишкекте 18 миң Ошто 6254 үй-бүлө бар. Алардын катарына пенсиясы 3400 сомдон ашпаган жалгыз бой пенсионерлер, кирешеси 2100 сомдон ашпаган майыптар, жарды бүлөлөр жана бюджет мекемелеринин 4500 сомго чейинки маяна менен иштеген кызматкерлери кирет. (BuS)

XS
SM
MD
LG