Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:24

Консот жарандардын эркин чогулушун талдайт


Бүгүн Конституциялык Сот адвокат Нурбек Токтакуновдун кайрылуусун карайт. Укук коргоочу “Жарандарын тынч жыйындарга чогулуу жөнүндөгү” мыйзамынын 4,5 жана 9-беренелерин Конституцияга каршы келет деп табууну сурап кайрылган. Адвокат аталган жоболордо жарандарга эркин чогулууга маалымдоо укугу эмес, уруксат суроо укугу гана берилип, Конституцияга жана эл аралык нормаларга каршы келген чектөөлөр киригизилип калган деп эсептейт. Мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Коомчулуктун каршылыгынан улам президент бул мыйзамды өркүндөтүү максатында жумушчу топ түзгөн. Анын мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдырасулованын айтымында жаңы мыйзам долбоору парламентке сунушталганы турат. (BuS)

XS
SM
MD
LG