Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Өлкөгө Орусиянын биринчи-вице-премьер министри келди


Премьер-министр Данияр Үсөнов бүгүн Орусиянын биринчи вице-премьер-министр Игорь Шувалов менен жолугушту. Анда эки тараптуу жана КМШ алкагында кызматташууга байланыштуу маселелер талкууланды. И. Шувалов мурдагы СССРдин курамына кирген башка өлкөлөргө дагы сапар жасаарын, ал мамлекет башчылары менен КМШнын келечектеги өнүгүүсү талкууланаарын билдирди. Анын айтымында, бул жылы кагаз жүзүндө гана кала бербестен иш жүзүнө аша турган көп эмес долбоорлор ишке ашат. Ошондой эле 2010-жыл КМШда “Илим жан инновация” жылы деп жарыялангандыктан, ушул маселеге көп көңүл бурулат. “Учурда биз алдыда жасалчу иштердин планын түздүк жана ал боюнча ийгиликтүү иштешебиз деп ойлойм”, - деди И. Шувалов. Биринчи вице-премьер-министрди өлкө президенти Круманбек Бакиев кабыл алаары күтүлүүдө. (AiJu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG