Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты

1
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун аскердик чининен ажыратылып, сегиз жылга эркинен ажыратылышы Алайдагы жердештеринин катуу каршылыгын жаратты

2
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - 11-январда саат он жарымдан баштап кечки төрткө дейре Алай районунун булуң-бурчунан чогулган 300 чакты киши Исмаил Исаковду актоону талап кылган митинг өткөрүп, аралыкта Гүлчө кыштагын кыдырып жөө жүрүш жасашты.

3
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - Алар Бишкектеги сот өкүмүн күтүп кыш ызгаарына чыдап, райондук акимчиликтин алдында турушту

4
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - Генерал сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгын укканда алар райбийликтин имаратын карай жөнөштү.

5
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - Алар райондук бийликтин алдына чогулуп, эмне үчүн мындай катаал өкүм чыгарылгандыгын түшүндүрүүнү талап кылышты.

6
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - Элди утурлаган Алай районунун акими Алмазбек Осмонов генералдын жердештеринин коюп келаткан талаптарын Бишкектеги Ак үйгө төкпөй-чачпай жеткиргендигин, бирок соттун өкүмү боюнча эч нерсе айта албастыгын билдирди.

7
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - нааразычылык акциясынын катышуучулары райакимдин жолун торогондо, аларды күч органдарынын кызматкерлери күчтөп таратты.

8
Генерал И. Исаковду жердештери колдоп чыкты - Алай районунун ар айылынан чогулгандар бүгүнкү акция менен чектелбестигин, Исмаил Исаков акталмайынча, азырынча Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожолун тосушаарын айтып тарашты.