Токтогон сүйлөшүү, узакка ойлонгон кошуна
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкелерин аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын акыркы отуруму 2008-жылдын ноябрь айында болгон. Ошондон бери тараптар бул маселе боюнча жолугуша элек. Бирок ага чейинки акыркы сүйлөшүүлөр деле “ташбака жүрүш” менен жүрүп, жолугушууларда болгону 2-3 чакырым аралык такталса такталып, болбосо ал да жок болуп калган учурлар көп болгон.
Биз сүйлөшөлү деген ойдо болдук, бирок өзбек тарап ойлонуп туруп алды. С. Аламанов
Сүйлөшүүлөр токтоп калышын кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов мындайча түшүндүрөт:
- Токтоп калганын себеби – сүйлөшүүлөрдө пикирлердин ажырымы чоң болгондуктан, дагы бир жолу ойлонолу деген маселе болду окшойт. Эми биз кошуналарды чакырып сүйлөшөлү деген эле ойдо болдук, бирок алар көбүрөөк ойлонуп туруп алды.
Канткен менен узап кеткен жылдын этегинде кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөнов баштаган топтун Ташкендеги сүйлөшүүлөрү учурунда бул маселе да козголуп, тараптар чек ара тактоо иштерин кайра жандантууну макулдашты.
- Буюрса, быйылкы жылдын апрелине чейин документтер боюнча иштеп, анан кайра практикалык жолугушуу иштерине киришебиз деп макулдашып келдик. Ошону протоколдоп, биздин премьер-министр менен Өзбекстандын биринчи вице-премьери кол коюп, макулдашты, дейт кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов.
Чиеленген чек ара, кыйналган эл
Бул эки өлкө ортосунда чек ара тактоо иштери мындан 10 жылдай мурда башталган. Ошондон бери 1300 чакырымдан ашуун келген чек ара тилкесинин 994 чакырымы такталган. Маселе ортодогу талаштуу делген жерлерге келгени минтип жылбай турат.
Бул иштин минтип узакка созулушу өзгөчө чек ара аймактарында жашаган калкты кошумча түйшүккө салып, ага башка маселелер да кошул-ташыл болуп кетип жатканын Баткен райондук кеңешинин депутаты Карамат Орозова айтат:
Чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбейт экен.
К. Орозова
- Чек араны тактоо иштери тезирээк жүргүзүлүп, аягына чыкпаса чынында бул жердеги элге кыйын болууда. Анын үстүнө чек ара маселесине башка маселелер да кошулуп кетип атат. Кошуна эки элдин ортосундагы ынтымактын бузулушуна да алып келген учурлар жок эмес. Чек ара аймактарындагы элде Жалал-Абаддагы Чек айылындагыдай маселе бизде да чыгып калбаса экен дегендей кооптонуулар да жок эмес. Эми чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбейт экен.
Чек аралардын такталбашы эки мамлекеттин ортосунда ар кандай араздашуулар пайда болушуна да түрткү бериши мүмкүн. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, бири-бирине жогорку ишенимдеги кошуна өлкөлөр адегенде чек араларын тактап, андан кийин гана мамилерин өркүндөтүүгө өтөт. Болбосо такталбаган чек ара, талаштуу жерлер эки тараптуу мамилеге ар качандан бир качан тоскоол болушу ыктымал:
Эми эки тарап тең маселе чечкенге даяр болушу керек, болбосо маселе дагы деле созулгандан созула берет.
- Эми тараптардын сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыралы дегени жакшы. Бирок кыргыз тарап да, өзбек тарап да маселени чечкенге даяр болушу керек. “Бул жерди мен алам, бүттү” деп тура бергенден маселе чечилбей, созулгандан созула берет. Анан ал ортодо чыр-чатактар чыгып кетишине чейин алып келиши мүмкүн. Ошондуктан тараптар келишип, мунаса табуу аркылуу чечпесе маселе чечилбей созула берет.
Ошентип кыргыз-өзбек өкмөттөрү токтоп калган сүйлөшүүлөрдү быйылкы жылдан тарта кайра жандантууга белсенип турушат. Бирок бул иштердин дагы канчага созулаары белгисиз бойдон.