Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

Жарандык уюмдардын алты өкүлү нааразылык билдирди


Алар Мамлекеттик мүлк министрлигинин жыйындар өтүүчү залына келишип, “Түндүкэлектр” ишканасына тендер өткөрүү боюнча комиссиядан аталган ишкананы сатпоого чакырып, элдин байлыгын сактап калууга үндөштү.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров жарандык уюмдардын өкүлдөрүнүн нааразылык билдирүүсү алардын Конституциялык укугу экендигин, “Түндүкэлектр” ишканасы сатылса аталган ишканага инвестиция тартылып, тармакты модернизациялоого жол ачыларын белгиледи. Бүгүн “Түндүкэлектр” ишканасын сатып алууга Орусиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматаэнерго”, Кыргызстандан “Спецэнерго” акционердик коому документтерин тапшырып, комиссия кабыл алды. Эми алардын документтерин тийиштүү комиссия иликтеп чыккандан кийин жеңүүчү аныкталат. (AJ)

XS
SM
MD
LG