- Европа өлкөлөрүндөгү партиялык система менен таанышып келдиңиздер. Кандай негизги өзгөчөлүктөрү бар экен?
- Биз бул сапар Финляндия менен Норвегиянын өнүгүүсүндөгү парламентаризм институтунун таасири жөнүндө кенен таанышып келдик. Ал жактагы парламенттин, бийликтин курамын түзүлүшү, парламенттин шайлоосу жана парламенттеги оппозиция менен бийликти түзгөн парламенттик фракциялардын иш алып барышы менен тааныштык.
Баарыбыз эле мурунтан айтып келгендей, Финляндия менен Норвегия өнүккөн өтө алдыңкы мамлекеттер. Ал жерде өнүгүүнү камсыз кылган шарттар - эң биринчи кезекте мыйзамдын жогорку күчүнүн сакталышы, бийликтин элдин астындагы жоопкерчилиги, шайлоонун кынтыксыз таза өткөндүгү. Муну дагы бир жолу өз көзүбүз менен көрүп, алар менен баарлашып келдик.
Алар биздин мыйзамдуулук тууралуу, шайлоо тууралуу маалыматтары бар экенин сыпаа түрүндө айтышты. Биз бийликтин курамын түзгөн депутаттар менен, оппозициядагы парламент мүчөлөрү менен жолуктук.
- Бул мамлекеттердин партиялык системасындагы тажрыйбаларды Кыргызстанда колдонууга мүмкүнбү?
- Кыргызстанда, албетте, колдонууга мүмкүн. Бизде мыйзамдар жакшы эле жазылган, кептин баары ошонун аткарылбаганында болуп атпайбы. Мисалы, шайлоо кынтыксыз таза өтүш керек, бир дагы добуш уурдалбаш керек деген аларда ыйык нерсе, мыйзамдын жогорку күчү. 30 жыл бийликте турган партия эмес, оппозицияда жүргөн партия утуп кетет. Алар деле ресурсту колдонуп утуп албайт беле. Биздин суроого аябай таң калды. Ресурсту колдонуп койсо эмне болот десек, "андай түшүнүк бизде жок" дешти.
- Кыргызстанда жүздөн ашык партия каттоодон өткөн. Бирок саналуу гана партиялар өлкөнүн саясий социалдык-экономикалык турмушуна активдүү аралашып келет. Ал эми парламентте бийликтин “Ак жол” партиясы үстөмдүк кылып келгени белгилүү. Сиздин оюңузча Кыргызстан башкаруу системасында көп таасирлүү партиялары бар өлкөгө качан айланат?
- Бизде шайлоого элдин дагы жоопкерчилиги керек. Шайлоого кол шилтеп, менин добушум эмнени чечмек эле деп барбай койгон кайдыгерлик дагы болуп атат. Жалпы элибиз шайлоого аябай катуу жоопкерчилик менен мамиле жасаганда, өзүлөрүнүн добушун бир уюмдар аркылуу көзөмөлдөгөндө, таза шайлоо өткөндө, мыйзам иштей баштаганда гана бир партиянын үстөмдүк кылуусуна, кокусунан келип калган партиялардын парламентте үстөмдүк кылуусуна бөгөт коюлат.
- Маегиңизге чоң рахмат.