Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:37

Шинжаңда ондогон уйгурлар дайынсыз


Бул тууралуу Хьюман Райтс Уочт уюму билдирүүдө. Аталган уюмдун маалыматтарына караганда, Шинжаң-уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө быйыл июлда болгон улут аралык тополоңдордун артынан коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган, уйгур улутундагы эркектердин кеминде 43ү дайынсыз. Анда кытайлар менен уйгурлар ортосунда болгон кагылыштардан 200 дөн ашуун киши каза тапкан эле. Ошол окуялардын соңунан кытай армиясы менен полициясы Үрүмчүнүн уйгурлар жашаган райондорунда рейд жүргүзгөн. Кытай бийликтеринин расмий маалыматтарына караганда, июлдагы тополоңдордон кийин 1000ден ашуун адам кармалган. Бирок азырынча саналуу гана кишинин иши сотто каралды. Алардын ичинен 9 адам өлүм жазасына кесилди.

XS
SM
MD
LG