Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Жалал-Абат соту талаш үйлөрдүн тагдырын карады


ЖКнын экс-депутаты К. Батыровго караштуу делген үйлөрдө жашагандардын өкүлү Арстан Жээнбеков шаардык соттон ишти эки күндөн кийин кароону өтүндү. Ал өз сунушун мурдагы соттун аныктамасы тийбегени, жактоочусунун да аныктама менен таанышпай, ооруп жаткандыгы, үйлөрдө жашаган жарандардын сотко келбегендиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында үйлөр Жалал-Абат шаар мэриясына караштуу. Доо ээлери бир жарым жылдан бери арызы чечилбегендигин белгилешип, соттон жоопкердин өтүнүчүн канааттандырбоону талап кылышты. Алар 2005-жылы ондогон жарандар ээлеген турак-жайлар К. Батыровго эмес, Жалал-Абаттагы Элдердин Достугу атындагы Университеттин жеке менчиги экендигин Жогорку Сот тааныгандыгын билдиришти. Шаардык сот университеттин үйлөрдү басып алгандарды чыгаруу доо арызын кароону 9- октябрда уланта турган болду. (YA)
XS
SM
MD
LG