Күздүн келиши менен АКШда балдар мектепке кайткан чакта алардын өзбекстандык курдаштары пахта талааларына жөнөшөт. Ноябрдын аягына чейин сабак окуунун ордуна мектеп жашындагы 2 миллиондой өзбекстандык окуучу пахта теришет, - деп баштайт макаласын сенатор Том Харкин.
Бирок айыл-чарбада кеңири жайылган эксплуатациялоо практикасынан айырмаланып, балдардын эмгегин бай талаа ээлери же жакырчылыкка баткан ата-энелер эмес, өкмөт пайдаланат. Жыл сайын Өзбек бийлиги 3 айга жүздөгөн мектептерди, ооруканаларды, коомдук мекемелерди жабат. Балдар менен кошо пахта терүүгө мугалимдер, доктурлар жөнөшөт. Бул күчкө салып иштетүү боюнча массалык кампанияны Өзбекстанда өкмөт өзү жетектейт жана ал өз масштабы менен айырмаланат.
Өзбекстан казынасына пахтанын экспортунан жылына дээрлик 1 миллиард доллар киреше түшөт. Анын пайдасын өкмөт жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери эле көрбөсө, балдар эмгеги үчүн жарытпаган тамак эле алышат.
- Президент Каримов демократияны басмырлагандан тышкары өлкөдө өскөн бардык пахтага мамлекеттин монополиясын киргизген. Дыйкандар пахтасын өкмөткө базар баасынан алда канча арзан сатууга милдеттүү. Өкмөт болсо аны товар биржаларында базар баасына сатып, эбегейсиз пайда табат, - деп улантат сенатор.
Аналитиктер аныктагандай, өзбек пахтасынын ири бөлүгүн Түштүк Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү сатып алат, андан тигилген кийим-кече болсо андан ары АКШ, Канда, Батыш Европадагы дүкөндөрдө сатылат. 2007-жылы АКШда бир катар бейкөмөт уюмдар жана жоопкерчиликтүү инвесторлор өзбекстандык балдардын маселесин козгошкон.
Ошондон кийин белгилүү маркалар, дүкөндөр, фабрикалар жана башкалар биригип, Өзбек өкмөтүн балдарды күчкө салып иштеттирүү практикасын токтотууга көндүрүү аракетин көрүшкөн. Ал кампаниялардын айрымдары чийки зат менен камсыздаган фирмаларын Өзбек өкмөтү тармакта негизги адам укуктарын калыбына келтирүү үчүн олуттуу кадам жасамайынча, өлкөдөн пахта сатып албоо көрсөтмө беришкен.
- Тилекке каршы, өзбек өкмөтү куру убада берүү оюнун ойноп келатат. Жакында Өзбекстан Эл аралык эмгек уюмунун балдарды эксплуатациялоого тыюу салган конвенцияларына кол койгону менен, экөөнү тең бузуп жатат, - деген сенатор Өзбек бийлигин пахта талааларында балдардын эмгегин пайдаланууга чекит коюу багытында олуттуу кадам таштоого чакырат.
Ал эми Анжиян облусунун тургуну мектеп окуучуларына пахта терүүгө өз ыктыярым менен катышам деген тил кат жаздырып алышууда дейт:
- “Мен пахта терүүгө катышууну каалайм. Бир туугандарым, ата-энем дыйкандар. Аларга жардам бергим келет. Пахта терүүгө өз салымымыды кошууну каалаймын” - деген мазмундагы кат жазышат. Мугалим айтып берет, балдар жазышат.
4-5 жылдан бери андай каттарды жаздырып келишкен. Бирок өкмөттүн балдарды талаа иштерине тартпоо жөнүндөгү токтому чыккандан кийин, аз убакытка токтогон. Бирок кайра киргизилди. Талаага журналисттер келип калса, балдар өз ыктыярыбыз менен келдик деп жооп беришет, бардыгына үйрөтүп коюшат.
Анжиян облусунун билим берүү бөлүмүнүн өкүлү 8-11класстын окуучулары чындап эле пахта талааларына жөнөтүлгөнүн тастыктады. Ал эми тил кат алынып жатат деген маалыматтын чын төгүнүн билүү мүмкүн болгон жок. Бөлүмдүн кызматкерлери пахта үчүн жооп берген адамдар кечинде келишет деп жооп беришти.
“Ыкчам аракеттенүү тобу” деп аталган укук коргоо уюмунун жетекчиси Сухроб Исмаиловдун айтымында, өкмөт күнөөнү ата-энелерге оодара салуу үчүн тил кат жаздырып жатат:
- Өзбекстанда пахта терүүдө балдар эмгегинин пайдаланып жатышына каршы эл аралык деңгээлде кампания башталгандан кийин өкмөт пахта жыйноого балдар тартылбайт деп жарыялаган. Бирок эми жоопкерчилик балдардын үй-бүлөлөрүнө жүктөлдү. Ата-энелерден баламдын талаа иштерине катышуусуна жол бербейм деген тил кат жаздырып алышат.
Кыргызстандагы жагдайды билүү үчүн Ош облусунун Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Абдуллажан Базарбаевге кайрылдык. Анын айтымында, пахта талаалары элге бөлүнүп берилгендиктен, балдар дем алыш күндөрү эле ата-энелерине жардам берип пахта теришет.
- Бизде реформа болуп, пахта талаалары үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилген. Бардыгы менчик, мамлекеттик пахта жерлери жок. Ошондуктан окуучулар дем алыш күндөрү эле үй-бүлөөлөрүнө жардам беришет. Окуу процесси болсо бузулбайт. Окуу программасы толук аткарылат. Өзбекстанда ошондой факттар бар. Окуу жылынын башында ата-энелер менен ушул маселе боюнча чогулуштар өткөрүлгөн. Балдар сабактан кийин же дем алыш күндөрү эле ата-энелерине жарда мбере алышат деп макулдашканбыз. Окуудан бошотуу мүмкүн эмес деп түшүндүргөнбүз, алар макул болгон.