Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46
Обама: Жеңишке карай узак жол
5-Ноябрь, 2008
1
Сүрөттө: Демократ сенатор Барак Обама таятасы Стэнли жана таянеси Мэдлин Данхэм менен - 2-ноябрда, президенттик шайлоого бир күн калганда Обаманын таянеси дүйнө салды. Обаманын айтымында, таянесинин анын өмүрүндөгү салымы эбейгесиз. Теги кениялык атасы үй –бүлөсүнөн кетип, өз энеси каза тапкандан кийин Обама таянеси Мэдлин Данхэмдин колунда тарбияланган. Ал 86 жаш курагында ооруканада каза тапты. “Ал эми биз менен эмес. Бирок ал менин жеңишим үчүн көп нерсе жасады” деди Барак Обама шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин.
2
Демократ Барак Обама жана анын шайлоодогу атаандашы Жон Маккейн - Барак Обаманын атаандашы, республикачылардын талапкери Жон Маккейн шайлоо өнөктүгү маалында түзгөн жумушчу орундарынын саны жана өндүргөн продукциясы жагынан өтө маанилүү деп эсептелген компанияларга салык төлөө жагынан жеңилдик берүүнү, америкалыктар төлөй албай калган 11 миллиондой ипотекалык кредитти банктардан өкмөт сатып алышы керек деп бир нече ирээт кайталады. Ал эми демократ Обама шайлоо өнөктүгү учурунда жылына 250 миң доллардан ашыкча киреше тапкандар үчүн салыктарды көбөйтүп, иштеп тапкан акчасы аталган суммага жетпегендерге болсо алык-салык жагынан жеңилдиктерди бергиси келет. Андайлар, Обаманын эсебинде, калктын дээрлик 95 процентине жетет. Маккейн мындай саясат экономиканын бүткүл негизин бүлүнтөрүн эскертип, Обамадан айрымаланып ал салыктарды кыскартуу, кошумча жумушчу орундарды көбөйтүү аркылуу экономиканы өнүктүргөнгө жетишерин белгиледи. Обама менен Маккейндин шайлоо өнөктүгү дүйнөлүк
3
Сүрөттө: Барак Обаманын тарапкерлери. Нью-Йорк - Коомдук пикирди сурамжылоонун дээрлик баарынын шайлоо алдындагы жыйынтыктары демократ Барак Обама, атаандашы республикачыл Жон МакКейнден алдыда экенин көргөзгөн. Бул жолку тарыхый шайлоодо 100 миллиондон ашуун адам добуш берери күтүлгөн.
4
Барак Обама өзүнүн вице-президенти катары демократ сенатор Жозеф Байденди тандады - Байкоочулардын баамында, Барак Обаманын (Barack Obama) демократ сенатор Жозеф (Жо) Байденди (Joseph/Joe Biden) өзүнүн вице-президенти катары тандашы ага кошумча упай алып келди. 65 жаштагы Байден өмүрүнүн дээрлик жарымын Американын Сенатында өткөрдү. Ал коопсуздук жана тышкы саясат боюнча эң бир тажрыйбалуу чыгаан адис катары белгилүү. Ал азыркы убакта Сенатта эл аралык саясат боюнча комитеттин төрагасы, ошол себептүү ал эл аралык саясатта али быша элек Обаманын бөксөсүн толуктап, колун кыйла узартмак.
5
Сүрөттө: Барак Обаманын тарапкери. Түндүк Каролина
6
Обама: Жеңишке карай узак жол - АКШдагы президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкканда, Азия өлкөлөрүндөгү баалуу кагаздар биржаларында баалар кескин көтөрүлдү. Жапониянын негизги индекси Nikkei 4 пайызга өстү. Мындай көрүнш Сингапур, Гонконг, Австралия жана Жаңы Зеландияда дагы болду.
7
Обама: Жеңишке карай узак жол - 4-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама Пенсильвания, Огайо, Виржиния өңдүү чечүүчү штаттарда алдыга чыгуу менен 338 добуш алды. Жеңишке жетүү үчүн 270 добуш талап кылынган.
8
Америка эли өз тандоосун жасады - АКШнын президенттиги үчүн шайлоодо жеңишке жеткен Барак Обама жубайы Мишел, кыздары Саша жана Малиа менен Чикагодо. 47 жаштагы Барак Обама АКШнын кырк төртүнчү жана теги афроамерикалык туңгуч президенти болот. Жаңы президент кызматына расмий түрдө 2009-жылдын 20-январында киришет.
Обама: Жеңишке карай узак жол
Тектеш
АКШнын “Биринчи тайэнеси”, же улуу муундун небере үчүн таасын ролу
XS
SM
MD
LG