Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:45

Апта: Чыйралган оппозиция, бакылдаган өкмөт...


Балыкчы окуясы боюнча сот башталды. Оппозиция кайрылуу менен чыкты. Өлкөнүн конкуренттик мүмкүнчүлүгү Тажикстандан да начар экени ачыкталды.

Чыйралган оппозиция
Оппозиция Алмазбек Атамбаевди БЭКтин төрагалыгына шайлады

Президенттик шайлоодо жеңилүүгө учурагандан кийин оппозициялык Бириккен элдик кыймыл мындан ары бери дегенде активдүүлүгүн жоготот жана айрым мүчөлөрү бийлик менен кызматташууга кетет деп күтүлгөн. Бирок оппозиция ушул жумадагы жыйындары жана чечимдери менен буга чейин карманып келген позициясынан кайтпай турганын ачыктады. Биринчиден, оппозиция президенттик шайлоого чейин Алмазбек Атамбаевдин айланасында баш кошуусу кокустук эмес экенин көрсөтүп, аны Бириккен элдик кыймылдын төрагалыгына шайлап алды. Экинчиден, кайрылуу кабыл алып, анда Парламентти да, Президентти да легитимсиз деп тааный турганын билдирип, кайра шайлоо талабын көтөрүп чыкты.

Бул кадамдар бийлик менен оппозициянын тирешүүсү улануу жолунда экенин далилдеп турат. Азыркы кезде мүмкүн оппозиция алсыз, ресурсу чектелүүдүр. Бирок Аскар Акаевдин тушунда “Акаевге отставка, элге реформа” кыймылы да ушундай абалда болуп туруп, анын аягы чоң толкундоо жана бийликтин алмашуусу менен бүткөнү белгилүү.

Оппозиция лидерлери президенттин башкаруу системасын реформалоо аракетин да кескин сынга алууда. Маселен, БЭКтин
лидерлеринин бири Исмаил Исаков мындай дейт:

- Бул реформасынан эч нерсе чыкпайт, элди убактылуу алаксыткан гана иштери. Себеби экономика, каржы маселелери өкмөттөн алынып аткандан кийин, өкмөт эмне кылыш керек, эч нерсе кылалбай калат да.
Мен коомчулукка дагы бир нерсени эскертип кетейин, ошонун алдында эле Коомдук палата түзүлгөн болчу. Мына ошол Коомдук палатасы эмне ишти аткарып атат деп сураш керек да. Эмне ишти аткарды, эл менен кандай байланышта болду. Мына бүгүнкү болуп аткан бийлик тараптан мыйзам бузуулар боюнча бирөө жок деген үн чыгарып койдубу, мындай туура болбой атыптыр деп. Ошондуктан Жогорку курултайдан да эч нерсе чыкпайт. Себеби анын артында чоң нерселер бар да, аларды ким шайлаш керек, алардын каржы маселелери кандай болуш керек, кайсы жерде отуруш керек, качан чогулуш керек, алардын чечимин ким аткарыш керек мыйзам чегинде. Мына ушулардын баардыгы көмүскөдө калгандыктан, булардан эч нерсе чыкпайт
.

Президент болсо президенттик институттарды долбоорлоо боюнча жумушчу топко 22-сентябрга чейин сунуштарды иштеп чыгууну тапшырган. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Каныбек Жороев башында турган ал топ долбоорлор үстүнөн иштеп жатканы кабарланууда. Андан сырткары парламент, өкмөт жана министрликтердин аппараттарын реформалоо боюнча атайын топтор түзүлүп, алар да өзүнчө иштеп жатканы маалым болууда.

Премьер-министр Игорь Чудинов көп нерсе президенттик администрацияны реформалоого жараша болоорун билдирүүдө:

- Азыркы мезгилде президенттик администрация боюнча азыр жумушчу топ иштеп жатат. Анын жыйынтыгынан өкмөттүн функциясы көз каранды болот.Ошондуктан айрым министрликтер менен тармактардын функциясы кайра каралып чыгат. Биздин өзүбүздүн да жумушчу топ мунун үстүнөн иштеп жатат. Жөнөкөй милдет коюлган. Министрлик өз тармагынын саясатын аныкташы керек. Ал эми айрым министрликтер менен агенттиктердин бирин-экинчиси кайталашы жөнүндө айтсам, бизде айрым агенттиктер өз ишин жүргүзбөй тармак саясатына ооп кетишкен. Мына ошолордун баары каралып жатат.

Конкуренттүүлүк жөндөм - төмөн, ишкерликке шарт түзүү - дурус

Премьер-министр Игорь Чудинов өзү белгилегендей, президенттик администрациянын реформаланышына жараша өкмөт жана анын аппараты өзгөрөт. Мына ошол өзгөрүүлөрдүн алдында премьер-министр Игорь Чудинов маалымат каражаттарына көбүрөөк чыгып, экономикалык жетишкендиктер тууралуу айта баштады. Тактап айтканда, Кумтөр менен жаңы келишим түзүлгөнүн, Камбар-Ата ГЭСинин курулушун атоодо.

Экономика жана соода министри Акылбек Жапаров болсо кыргыз экономикасы туруктуу деп жарыялады:


- Экономикабыз туруктуу. Саясатта, коомдо да туруктуулук пайда болду. Биздин божомолдор боюнча, тогуз айдын ичинде 2,5% өсүш болуш керек. Жылдын аягына чейин 1-1,5% өсүш болот деп болжолдоп жатабыз. Бизде экономикалык запасыбыз бар. Киреше жагыбыз дагы, чыгаша жагыбыз дагы эсептелген.

Өкмөттөгү мындай көтөрүңкү маанайга Дүйнөлүк банктын Кыргызстанды ишкерликке шарт түзгөн өлкөлөрдүн алдыңкы катарына кошуусу кошумча болду. Белгилүү болгондой “Дуинг бизнес” боюнча Кыргызстан өткөн жылы 68 орунда болсо, быйыл 41 орунга жетишип, эң алдыңкы реформатор өлкөлөр катарына коюлган.

Бирок өлкө экономикасындагы абалды бул көрсөткүчтөр эмес, Эл аралык экономикалык форум берген баа туура аныктап тургандай. Бул форумдун баасы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 133 мамлекеттин ичинен конкуренцияга жөндөмдүүлүгү боюнча 123 орунга ээ болуп, Тажикстандан да кийин калган.

Мындай абал Кыргызстандын өндүрүш тармагынын алсыздыгы, технологиялык жабдуулардын эскилиги жана айыл чарбасынын чабалдыгынан кабар берет деген Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков абалдан чыгуунун жолун өндүрүштү өзгөчө колдоо жагынан көрөт:

- Биринчи кезекте өндүрүштү алдыга жылдырууга көмөк, жардам кылыш керек. Салык боюнча боюнча бизде кызыктай кырдаал бар. Бизде алып саткандарга салык жеңилдетилген, ал эми өндүрүүчүлөргө оордугу көбүрөөк. Ошондуктан ишкерлердин көпчүлүгү товар өндүрүүгө эмес, товарды алып сатканган кызыгышат. Ал эми товар өндүргөндү көзөмөл кылууда да, андан салык алуу да жеңил. Биз ошон үчүн биз айтып жатабыз, айрым бир салыктарды бардык ишкерлерге, алып сатар болобу же өндүрүшчү болобу бирдей деңгээлге жеткириш керек. Негизи өндүрүштүкүн жеңилдетиш керек.

Өлкөнүн өнөр жай тармагы болсо өткөн жылга салыштырмалуу 15% тегерегинде төмөндөп кеткен. Ал эми импорттук жана экспорттук катнашта тескери сальдо бекем сакталып турат. Маселен, быйылкы жылдын жети айында экспорт 563 миллион доллар, импорт 1 миллиард 346 миллион доллар болуп, тескери сальдо эки эседен ашып, 883 миллион долларга жеткен. Мунун айынан улуттук валюта сомго басым күчөп, Улуттук банк валюта рыногунда интервенцияны күчөтүүгө аргасыз болууда.

Өкмөт 2010-жылга чейин экспортту күчөтүү боюнча стратегия кабыл алган. Анда негизги басым алтын тармагына коюлган. Бирок анын аткарылышы күмөн. Анткени Кумтөр туруктуу иштеп жаткан менен Талды-Булак Сол жээк, Жер-Үй, Андаш кендери качан иштери белгисиз бойдон турат.

Жалпы экономикага, анын ичинде айыл чарбасына күйүүчү майдын кымбаттап баратышы терс таасирин тийгизери айтылууда. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков күйүүчү майга баанын көтөрүлүшүнө тынчсызданып өкмөт башчыга кат да жазды. Бирок Кыргызстандын күйүүчү май базарын Россиянын “Газпром” компаниясы дээрлик ээлеп алган. Ошондуктан бул тармакта атаандаштык дээрлик жок. Өкмөттүн таасир этер мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ушундай эле көрүнүш газ тармагында болушу да күтүлүүдө. Белгилүү болгондой өкмөт “Кыргызгазды” “Газпромго” менчиктеп берүүгө алда качан бел байлаган.

Балыкчыдагы сот - оппозицияга моралдык жүк

11-сентябрда Балыкчы шаардык сотунда 23-июлда президенттик шайлоо күнү Балыкчы окуясында кармалгандардын кылмыш ишин кароо башталды. Адвокат Сартбай Жайчыбековдун маалыматы боюнча, 19 адам кылмыш жообуна тартылып жатат.

Соттук териштирүү башталаар алдында Жогорку Кеңештин депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровдон депутаттык кол тийбестикти алып, кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган кат парламентке Башкы прокуратурадан келип түшкөн. Депутаттар Башкы прокуратуранын таламына ылайык депутаттык комиссия түзүштү. Эми алар бир айдын ичинде Кадыровду кылмыш жообуна тартууга негиз бар, же жогун аныктап чыгууга тийиш.

Маалым болгондой, Кубанычбек Кадыров 23-июлдагы Балыкчыдагы баш-аламандыкты уюштуруучу катары айыпталып жатат. Ал дагы абактагылардын катарында болуш мүмкүндүгүн адвокат Жайчыбеков белгилейт:

- Мен Балыкчыдагы үч том менен таанышып чыккандан кийин мындай ойго келип атам, кандай болмок эле, кылмыш иш козголот. Кадимки эле 19 адамдын катарында ошол кишинин да орду болушу мүмкүн.

Айрым маалыматтарга караганда, Балыкчыда кармалган кээ бир жарандарга “эгерде Кубанычбек Кадыровго каршы көрсөтмө берсең бошотобуз” деген сунуштар болуп жатат. Андайга азгырылгандар да бар экенин оппозиция лидерлери белгилеп жатышат. Ошондуктан Кубанычбек Кадыров башына үйүлгөн кара булут күчөй бериши ыктымал.

Бирок 11-сентябрдагы сот жараяны башталбай жатып үзгүлтүккө учурады. Анын себебин сотко катышкан БЭКтин лидерлеринин бири
Азимбек Бекназаров мындайча билдирди:

- Азыр дайын болду, шаардык прокурор окуя болгон жерден түздөн-түз эле катышып, эки тарапка тең түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөм, күбө болуп жүргөм деп мойнуна алды. Ал эми экинчи мамлекеттик айыптоочу Мамытбеков мен бул тергөө тобунун ичинде болчумун деп мойнуна алды. Ошондуктан ушул убакка чейин шаардык прокурор Айтбаев жана дагы бир мамлекеттик айыптоочу Мамытбеков биздин өтүнүчтү мойнуна алышып, ишке айыптоочу катары катышуудан баш тартышты.

Эми соттук териштирүү 15-сентябрда улана турган болду.

Кармалгандарды коргоо жана аларды абактан чыгаруу негизги милдети экенин БЭКтин төрагасы Алмазбек Атамбаев буга чейин атаган. Мына ошол милдетти аткаруу үчүн БЭКтин лидерлери 11-сентябрда Балыкчы шаардык сотунда болушту. Оппозиция мындай аракетти уланта берерин билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG