«Ак Жол» депутаттык фркциясында депутат Бейшенбек Абдырасаков демилгечи болгон «17-мартты Аксыдагы 2002-жылдын 17-18-мартындагы кайгылуу окуяларда курман болгондорду эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, талкуусуз кабыл алынды.
Жогорку Кеңеш токтомунун долбоору 2002-жылы 17-март күнү 6 кыргыз жаранынын өлүмүнө алып келген Аксы жергесиндеги каргашалуу окуянын курмандыктарын жыл сайын расмий эскерип туруу максатында иштелип чыккан.
Токтомдо эскерүү ишчарасынын механизмдери ырааттуу чагылдырылуу менен, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге бир катар тапшырмалар берилген. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)