Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:43

Oбама Борбордук Банк жетекчисин ордунда калтырды


Oбама Бернанки менен пресс-конференцияда
Oбама Бернанки менен пресс-конференцияда

АКШ президенти Барак Обама Бен Бернанкини Федералдык резервдин же Борбордук Банктын төрагалыгында калтырды.

Бернанкини өлкөнүн башкы банкиринин кызматында калтыра тургандыгын жарыялоо үчүн президент Атлантика мухитиндеги «Мартас Вайняард» аралындагы жайкы эс алуусун токтотуп, Вашингтонго учуп келди. Ал Федералдык резервдин төрагасын АКШнын экономикасын 1930-жылдардан берки эң оор рецесиядан арачылап калган адис катары баалады:

- Менин жанымда турган Бен Бернанки биздин өлкө, бүт дүйнө үчүн кыйын кезеңде Федералдык резервди башкарып турду. 1930-жылдардагы Улуу Депрессия боюнча адис катары, Бен дагы бир депрессияны болтурбоо үчүн жооп берген командада болом деп ойлобосо керек. Бирок тажрыйбасы, кулк-мүнөзү, чечкиндүүлүгү жана чыгармачыл турпаты менен ал бул максатка жетишүүгө салым кошту. Ошондуктан мен аны Федералдык резервдин төрагалыгына дагы бир мөөнөткө бекитип жатам.

55 жаштагы Бернанки оппозициядагы Республикачыл партиядан, 2006-жылы экс-президент Буш аны ушул кызматка алып келген.

Экономикалык кризис башталгандан бери Бернанки насыя кризисин токтотуп, артка чегинүүнү тизгиндөө үчүн кызыкчылык пайызды дээрлик нөлгө түшүрдү, финансылык базарларга миллиарддаган доллар акчаны айлантууга киргизди.

Обама бул кадамдар азыркыдан да ашынган финансылык кризисти болтурбоого көмөк болгондугун белгиледи.

Андан кийин сөз алган Бернанки президентке Федералдык резервдин көз карандысыз жана күчтүү бойдон калышына болгон кыйшаюсуз колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди:

- Акыркы бир нече жылда башка экономикалык саясаттын оюнчулары сыяктуу эле, Федералдык резервге да болуп көрбөгөн оорчулук түштү. Шартка жараша чечкиндүүлүк менен иштедик. Бирок биздин максат өзгөргөн жок. Каржылык, экономикалык чөйрөнү турукташтырып, мүмкүнчүлүктөр көбөйүп, Американын эли эмгекчилдигинен, ойлоп тапкычтыгынан баар тапсын деген эле тилек.

Бернанкинин кызматында калаары мурдатан маалым болсо да, Обаманын жарыясынан кийин АКШнын финансылык базарларында баалар көтөрүлдү.

Мунун алдында Конгресстен, Ак үйдөн тартыштык өсүп, карыз көбөйүп жаткандыгы кабарланган эле.

Ак үйгө ылайык, бүжеттин тартыштыгы келерки 10 жылда 9 триллион долларга жетиши мүмкүн. Бул мурда болжонгондон 2 триллионго көп.

Үстүбүздөгү бир жылда эле бүжеттин тартыштыгы 1,6 триллионго өсөт. Бул былтыркыдан үч эсеге көп. Тартыштыктын өсүшүнө 800 миллиард доллардык экономиканы стимулдаштыруу планы жана салыктардын аз жыйналгандыгы кошумча болууда.

Ак үй ошондой эле улуттук жалпы карыз 2019-жылга чейин эки эселенээрин эскертти. Ал эми Конгресстин Бүжет кеңсеси экономика быйыл дээрлик үч пайызга кыскараарын, ал эми жумушсуздук келерки жылы 10 пайызга жетип, анан азая баштаарын кабарлаган.

Шейшембидеги маалыматтын баары эле кара түстө болгон жок. Ички керектөө индекси көрсөткөндөй, АКШнын 20 ири шаарынын дээрлик бардыгында турак-жайдын баасы өсө баштаганы байкалды. Керектөөчүлөрдүн ишеними да бекемделип, жумуш мүмкүнчүлүктөрү жакшырып жатат деп эсептеген америкалыктардын саны көбөйгөндүгү анык болду.

XS
SM
MD
LG