Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

Нарында губернатор атчан Жетим-Тоого кетти


19- августа Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев биринчи орун басары Мирадил Бакашев жана Нарын мамлекеттик коругунун мергенчилери болуп Жетим-Тоо аймагын көрүп келүү үчүн аттанды. Үч күнгө созулган иш сапар ат менен болот. Анда темирдин көп запасы бар делген Жетим-Тоо аймагын кыдырып, көл кылаасына түшөт. «Азаттыкка» Нарын облустук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, ал жактан Ысык-Көл облусунун жетекчилери менен жолугушуп, узак мөөнөткө берилген жерлер боюнча сүлөшүүлөр болот.
Жетим- Тоону чалгындоо үчүн көл жактан жол салып баштаган кытайлык «Мей Линь Ресурс» компаниясынын 60 кызматкери мыйзамсыз иш алып барган деп ал жерден жакында чыгарылган. Бул аймак 1962-жылдан баштап Ысык-Көл облусуна узак мөөнөткө ижарага берилгени жөнүндө маалымат айтылып жаткан менен, ал токтом архивден да табылбай, эки облустун ортосундагы талаш жер болуп калууда. (JI)

XS
SM
MD
LG