Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

ИИМ: Оппозиция өкүлдөрү коомдук тартипти бузууда


ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитовдун билдирүүсүнө караганда, “Таза шайлоо” урааны астында көчөгө чыгып милиция кармап кеткен адамдарга "коомдук тартипти бузду" деген айып тагылууда. Алар мыйзамсыз митингке чыкканы үчүн учурда убактылуу кабыл алып кармап туруучу жайда отурушат. Учурда оппозициянын таламын талашып чыккандардын аты-жөндөрү такталып, аларга бир саат ичинде чечим чыгаары күтүлүүдө. “Шаар бийлигинин жаңы токтомуна ылайык митинг, пикеттер Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү ипподромго жакын сейил багында өткөрүлүшү абзел. Ал эми мындан тышкары жерлерде, транспорттордун жүрүшүнө тоскоолдук кылып өткөрүлгөн акция катышуучуларына биз мыйзам чегинде чара көрүүгө укуктуубуз”, - дейт Бакыт Сейитов. (EK)

XS
SM
MD
LG