Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:25

Орусия менен Грузия ортомчулар астындагы сүйлөшүүлөрүн улантат


Кавказдагы стабилдүүлүк боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинкиси эми ушул айдын соңунда жана сентябрда өтөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Грузия менен Орусия расмий өкүлдөрүнүн Женевадагы кечээги жолугушуусунан кийин жарыяланды. Былтыр августтагы согуштан кийин эл аралык ортомчулар астында өтүп келе жаткан сүйлөшүүлөрдө алар кечээ алтынчы ирээт кездешти. Сүйлөшүүлөр БУУ, ЕККУ, Евробиримдиктин ортомчулугу астында өтүп, ага АКШнын жана Грузия жикчил аймактары, Орусия болсо көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган Абхазия менен Түштүк Осетиянын өкүлдөрү да катышып келүүдө жана ал Түштүк Кавказда былтыркыдай жаңжалдын кайталануусун алдын алууга багытталган.

Эл аралык байкоочулар биргелешкен билдирүүсүндө кечээги сүйлөшүү “конструктивдүү маанайда” өткөнүн билдирди. Алардын айтымында, эки тараптын аскерий колбашчылар менен расмий өкүлдөрү Абхазиянын Гали районунда 14-июлда жолугат. Тараптар ошондой эле 17- сентябрда Женевада кайра жыйналууну да макулдашты.

Женевадагы кечээги сүйлөшүүлөр алдында Орусия ЕККУ менен БУУнун Грузиядагы миссияларынын мандаты узартылышына каршы чыгып, бул алардын ишинин токтоосуна алып барды. Аймактагы кырдаалга азыр Евробиримдиктин байкоочулары гана көз салууда.

XS
SM
MD
LG