Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

Нарында кутурган жылкынын кесепети коңшу айылга да тараганы аныкталды


26-июнга карата Нарын районундагы Таш-Башат айылында бир жылкынын кутургандыгы аныкталган эле. Бүгүн окуя болгон айылга барганыбызда Таш-Башат айылында мурдараак дагы 3 жылкынын өлгөндүгү белгилүү болду. Нарын райондук агрардык департаментинин жетекчиси Замир Кемелбеков экинчи жылкынын башы изилдөөгө жиберилгендигин, анын жыйынтыгын күтүп жаткандыгын билдирди. Калган эки жылкы союлуп эттери элге тарап кеткен. Бул күнгө карата Таш-Башат айылындагы мектептеги убактылуу эмканага кечээ жаткырылган 62 адамга дагы 39у бүгүн кошулган экен. Ал эми карышкыр тиштеген жылкынын бирөө коңшулаш Дөбөлү айылына алып барып союлгандыктан, бул айылдагы кесиптик окуу жайга 21 адам жаткырылгандыгын жеринен көрдүк. Нарын райондук санэпид көзөмөл борборунун жетекчиси Туратбек Мурадилов 160 миң сомго дары-дармек алынып келип, эмдөөлөр жүрүп жаткандыгын маалымдады. (KUs)

XS
SM
MD
LG