Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

О. Молдалиев: Реалдуу коркунуч көз жаздымда калып жатат


Жалал-Абад шаарында 23-июнда антитеррордук операциянын натыйжасында куралдуу беш согушкер жок кылынды. Ушул окуядан улам Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугу жөнүндө саясат таануучу Орозбек Молдалиев ой-пикир бөлүшөт.

- Жалал-Абаддын аймагында 5 согушкер жок кылынгандыгы айтылып атат. Сиздин оюңузча ушул окуя эмнеден кабар берет?

- 2006-жылдан бери мындай топ жок кылына элек болчу. Албетте, бир дагы мамлекеттин эч кимиси бизге террористик топ келе албайт деп кепилдик бере албайт. Бирок бул жерде ойлонто турган нерселер да болуп атат да. Мисал үчүн террористер биздин региондун ичинде пайда боло баштаганы менен буларды даярдай турган адистер болушу керек. Жардырууга үйрөтүш керек, курал- жарак колдонгонго үйрөтүш керек. Алардын жашынып иш жүргүзө турган жайлары болуш керек деген бир топ маселе келип чыгат. Ошолор эмне үчүн көз жаздымда калып атат деген суроо туулбай койбойт да.

Бирөөсү Пакистандан окуп келген экен деген версия айтылып атат, ал Пакистанга барып окуп, ал кандайча болуп кирип кеткен. Пакистанга окуганы эмне үчүн көзөмөлгө алынган жок деген маселелер келип чыгат да. Бизде Коопсуздук Кеңеши ийгиликтүү жыйындарды өткөрүп, көп чаралар кабыл алынганы менен эле мындай маселелер көз жаздымда калып атпайбы. Курал-жарактар каяктан алынган? Курал-жаракты жөн эле бир базардан барып сатып ала тургандай мүмкүнчүлүктөр деле жок да. Аскердик уюмдардан башка курал-жарак, ок чыгарылбаса, жардыргыч заттар кайдан алынып атат деген маселе келип чыгат.

-Атайын операцияда бир офицердин каза болгондугу айтылып атат, эмне үчүн ал жигиттин аты-жөнүн эмне үчүн айтылбайт деген суроо туулат?

-Кээ бир жерде маалымат такталбай, бирөө каза болду деп ошол бойдон айтылбай калган учурлар болот. Экинчиден, жанагы “Альфа” тобундагылардын аты-жөнүн көпчүлүк учурда операция өткөргөн жерге баргандагылар тааныбай калышы да мүмкүн. Ушундай себептер менен айтылбай калышы мүмкүн.

-Мына сиз Ооганстанды жакшы билген адис эмессизби. Ушул Сват өрөөнүндөгү коогалаң Кыргызстанга канчалык коркунучтуу таасир тийгизиши мүмкүн?

-Эми Сват өрөөнүндөгүлөр бизди көздөй келатыптыр деген маалымат чыккан болчу. Эми бул өзү чынын алганда чындыка анча жакындашпай турган маселе. Ал жерде азыр Талибандын өзүнүн айласы кетип турган кез, бул жакка топ даярдап жибермек тургай. Бирок мурдараак даярдалып жиберилген топ келип калышы мүмкүн, эч ким кепилдик бере албайт келбейт деп.

Бул маселенин дагы башка жагы болуп атат. Мына Пакистан канчалык терроризмге аралашып кеткендигин көрүп атабыз. Өзүнүн аймагын келишим менен талиптерге жай катары берип койгон. Бул жерден Карзайдын чоң аракеттеринин натыйжасында былтыр анти-террористик операциялар башталган. Быйыл аскерий жагын киргизебиз деп НАТОнун күчтөрү кире турган болгондо Пакистан өзү аргасыз күрөшкө чыкты теориясына аларды киргизбеш үчүн. Канчалык чыгымдарга, канчалык кыйнчылыктарга туш келип атат. Ошон үчүн терроризмдин канчалык коркунучтуу экенин мына эми көрүп атабыз баардыгыбыз тең.

-Мына ушундай кокунучтун алдын алуу боюнча коопсуздук кызматы кандай иш чараларды көрүш керек?

- Реалдуу коркунуч менен күрөшүш керек. “Хиз-бут-тахрирде” мындай согуштук канат пайда болду деген бир жалган ураан чыккан 2006-жылдарда. Ошолор менен күрөшүп атып, реалдуу коркунучтар четке калып калгандай элес калып атат да.

Анан бул жерден дагы бир маселе бар, чек араны чыңдашыбыз керек. Чек араларыбыздын акыбалы кандай экенин көрүп атабыз Өзбекстандагы окуялардан улам. Чек арадагы адистердин көпчүлүгү кетип калды, мына Сарбаев Кубанды эми араң алып келишти орун басар кылып. Мындай адистер жок бизде чынын айтканда.

Закир Түленов деген лейтенант кезинен чек арада иштеп баштаган, окуу жайын бүтүргөн жигит бар эле, аны дагы кетиришти. Чек араны адистер кайтарыш керек, чек ара уюштурганды ошол башкарыш керек.

-Рахмат маектешкениңизге.

XS
SM
MD
LG