Жеңилген президенттик талапкер Мир Хоссеин Мусавинин миңдеген колдоочулары талаштуу шайлоодон кийин өлтүрүлгөн демонстранттарды көчө жүрүштөрү менен эскерди. Мусави өз колдоочуларын тынч чогулуп, өлгөндөрдүн урук-тууганына колдоо көрсөтүүгө чакырган. 12-июндагы шайлоодо президент Махмуд Ахмединежад жеңүүчү деп жарыялангандан кийинки кагылыштарда кеминде 7 киши окко учуп, дагы башкалары жараат алган.