Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

АКШ Испаниядан Гуантанамо айыпкерлеринин төртөөсүн кабыл алууну өтүндү


Испаниянын тышкы иштер министри Мигель Анхель Моратиностун билдиргенине караганда, анын өлкөсү бул өтүнүчтү төрт айыпкердин ар бири боюнча өз өзүнчө иликтейт. Тышкы иштер министринин жогорудагыдай билдирүүсү алдында өкмөт өкүлдөрү АКШнын Гуантанамо түрмөсүн жабууга жоопкер адамы Дэниел Фрид менен кездешкен эле. Апта башында Евробиримдик ага мүчө өлкөлөр Гуантанамодогу айыпкерлерди жайгаштыруу боюнча АКШга жардам берүүгө даяр экендигин айткан. АКШ президенти Барак Обама террорчулукта шектелген чет элдиктер кармалган бул түрмөнү келерки жылдын башына чейин жабууну убада кылган.

XS
SM
MD
LG