Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

АКШ ракетадан коргонуу системасы боюнча чечим кабыл ала элек


АКШ Европада ракетадан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн жайгаштыруу маселесинде азырынча соңку чечим кабыл ала элек. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министринин орун басары Уильям Линн билдирди. Сенаттагы угууларга катышкан Линн мурдагы президент Жорж Буштун администрациясы сунуштаган бул план азырынча варианттардын бири катары каралып жатканын белгиледи. Обаманын администрациясы Орусия менен бирге кеңейтилген коргонуу системасын түзүү багытында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда, деди Уильям Линн. Жорж Буштун Польшада ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн орнотуу, Чехияда радар станциясын куруу планына Орусия караманча каршы болуп келген.

XS
SM
MD
LG