Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Курманбек Бакиев Ху Цзинтао менен жолугушту


15-июнда кыргыз мамлекет башчысы Россиянын Екатеринбург шаарында башталган Шанхай кызматташуу уюмунун саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушту. Анда Курманбек Бакиев эки өлкөнүн мамилеси өрчүп баратканын жана эки ортодо толук өз ара түшүнүшүү бар экенин билдирген. Ху Цзинтао өз кезегинде Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кытай менен соодасынын көлөмү боюнча үчүнчү орунда экенин, келерки жылы Кыргызстанга 80 миллион юань гранттык жардам бөлүнөрүн жана Пекин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга кызыкдар экенин билдирген. Тараптар андан сырткары эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү, эл аралык жана регионалдык маселелерди да талкуулашкан. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG