Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:04

Израилдин премьер-министри билдирүү жасады


Палестина толугу менен куралсыздандырылган күндө гана Израил аны мамлекет катары тааныйт. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху билдирди. Программалык сөзүндө Израилдин өкмөт башчысы палестиндер Израилди жөөт мамлекети катары таанып, анын аймагынан палестин кошундары чыгып кетиши керектигин айтты. Бинямин Нетаняху араб лидерлерин жана палестиндерди тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Нетаняхунун бул сөздөрүнө нааразылыгын билдирди. Исламчыл ХАМАС кыймылы Израил өкмөт башчысынын сөздөрү расистик жана экстремисттик идеологияны чагылдырат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG