Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Курманбек Бакиев Орусиянын президенти менен жолугушту


Эки мамлекет башчынын жолугушуусу бүгүн Москвада болду. Кыргыз мамлекет башчысы Дмитрий Медведевди Орусиянын күнү майрамы менен куттуктап, көп улуттуу Орус мамлекетине тынчтык жана өнүгүү каалады. Андан тышкары тараптар кыргыз-орус мамилесин ар тараптуу кызматташуу өңүтүндө мындан ары да бекемдөө тууралуу сүйлөштү. Курманбек Бакиев эки өлкөнүн экономикалык байланышы тыгыздыгын белгилеп, эгер Орусиянын экономикасы өнүксө, Кыргызстандыкы да өнүгөт, деп белгиледи. Орус президенти Дмитрий Медведев эки тараптын соода-экономикалык кызматташтыгы өнүгүп жатканына канааттангандыгын билдирди. Ошондой эле ал эки тараптын биргелешип максат кылып жаткан ири долбоорлору ишке ашырыларына чоң үмүт кыларын белгиледи. Жолугушууда мамлекет башчылар эл аралык орчундуу маселелерди да талкуулашты, деп кабарлайт КР президентинин басма сөз кызматы.
КР президенти Курманбек Бакиев бүгүн, 14-июнда Жамааттык коопсуздук кеңешинин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ишине катышуу үчүн Орусия Федерациясынын башкалаасы Москвага келген.
ЖККУнун саммитине катышуудан Беларус баш тарткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG