Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Ч.Турусбеков: Кыргыз-өзбек чек арасы тынч


Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Аксы районунда Берес деген жерде чек араны тактоо, делимитация жумуштары өтө элек. “Ошол жерде өзбек тарап бир жактуу эки жолду казып коюшкан экен, Аксы районунун акими, мамлекеттик регстирдин кызматкери, чек ара командири Өзбекстандын өкүлдөрү менен жолугушуп, такташып ошол казылган жерди кайра көмдүрүштү”,-дейт Турусбеков. Ал Чек-2 деген жердеги чек ара делимитация кылганда айылдын ортосунан өтүүчү бир жарым метрлик каналдын ичинен сызык чийилип калганын, Өзбекстандын чек арачылары ошол каналга 50 метр жакын жайгашкан өзбек жарандарынын үйлөрүн буздуртуп башка жерден участок берип жатышканын белгиледи. Турусбеков учурда чек ара тынч деп, эки өлкөнүн атуулдарынын чек ара бекеттеринен өтүүсү жакшы абалда экендигин билдирди. Учурда Турусбеков чек ара маселеси боюнча Өзбекстан менен чектеш жерлерди кыдырып жүрөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG