Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Президент эл аралык байкоочуларды көбөйтүүнү сунуштады


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын төрагасы Жоао Соареш менен жолугушту. Анда президент аталган уюм менен кызматташууга Кыргызстан чоң маани берерин, өлкө ЕККУнун баардык структуралары менен конструктивдүү баарлашууга ачык жана даяр экенин белгиледи. Аталган уюмдун байкоочулары Кыргызстандагы президенттик шайлоого анык баа беришерине ишеничин билдирди. Шайлоого байкоо салган эл аралык өкүлдөрдүн санын эки эсе көбөйтүүнү сунуштады. Ж. Соареш өз кезегинде Кыргызстан Борбор Азия жумуриятындагы бирден бир көп партиялуу өлкө экенин белгилеп өттү. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Ж.Соареш кыргыз бийлигинин “Бишкек демилгесине” колдоо көрсөттү. Бул демилге Борбор Азиядагы коопсуздук жана стабилдүүлүктү сактоо, анын ичинде Ооаганстандагы абалды жакшыртуу боюнча диалог жана жыйындар өтчү эл аралык аянтчаны Кыргызстанда түзүүгө багытталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG