Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Пакистандын түндүк –батышындагы жарылуудан кеминде отуз адам каза тапты


Андан сырткары жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айтымында, дагы ондогон кишилер жаракат алды. Жарылуу өлкөнүн Түндүк –Батыш чек ара провинциясынын Жогорку Дир деген районундагы мечиттердин биринде бүгүнкү жума намаздын учурунда болду. Жогорку Дир - Пакистандын өкмөттүк күчтөрү Талибандын согушкерлерине каршы ири аскерий операция жүргүзүп келе жаткан Сват өрөөнүнө коңшулаш район. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Бул аралыкта АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук бүгүн Исламабадда өлкө жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Премьер- министр Юсуф Реза Гиланинин кеңсеси тараткан билдирүүдө ал атайын өкүл менен жолугушууда АКШдан көбүрөөк жардам жана Пакистандын карыздарын кечүүнү суранганы айтылат.

XS
SM
MD
LG