Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

Р.Отунбаева: Докемдей улуу инсанды УТРКдан чагылдырып койсо болмок


Таланттуу режиссер, драматург, актер, саясатчы болуш ар кимдин эле колунан келе бербейт, деди Роза Отунбаева. Анын айтымында, Д.Садырбаев ыңкылаптын башында туруп, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болсун деп өмүрүн сайган адам. Ал акыйкаттык, калыстык үчүн мурдагы бийлик менен тынымсыз күрөшүп келсе, чыркырап чындык, адилеттик издеп азыркы бийлик менен дагы күрөшүп келген. “Кыргызстандын XXI кылымдагы бирден бир талантуу улуттук инсанынын кайталангыс өмүр жолун Улуттук Телерадиокомпаниясынан берип эскерип, бул жерге кабарчылары келип койсо болмок. Д.Садырбаевдин каза болгондугунун бир жылдыгын эскерип, эстелигинин ачылышына жалаң оппозициядагылар келишиптир, мындай улуу адамга таазим кылып бийлик өкүлдөрүнөн келсе эмне болот эле”,-деди Роза Отунбаева. Д.Садырбаевдин эстелигинин ачылышына Маданият жана маалымат министрлиги эмне үчүн катышпаганын билүү максатында министр Султан Раевге телефон чалып байланыша алган жокбуз. (AJ)

XS
SM
MD
LG