Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:24

Өзбекстандын Анжиян шаарында жанкечтинин жардыруусунан бир милиция кызматкери каза тапкан


Мындай кабарды кечээ кечинде Өзбекстандын расмий УзА жаңылыктар агенттиги өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына шилтеме берип таратты. Ал кабарга караганда, окуя кечээ саат түшкү 13:45 -14:00 ченде Анжиян шаарынын Фитрат көчөсүндө болгон. Башкы прокуратуранын маалыматында айтылгандай, белгисиз эркек адамдын өзүн -өзү жардыруусунан милициянын бир кызматкери каза таап, башка бир нече адам жаракат алган. Окуянын калган чоо-жайы белгисиз жана бул маалымат башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Анжияндагы жардыруу алдында 25нен 26- майга караган түнү Ханабад шаарында милиция бекетине кол салынып, жардыруулар болгону кабарланган эле. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын Анжиян облусундагы соңку окуялар боюнча мамлекеттик УзА жаңылыктар агенттиги кечээ кечинде тараткан маалыматында, “баштапкы маалыматтар боюнча бандиттер тобу Анжиян облусунун аймагына коңшу Кыргызстандан кирген”,- деп айтылат.

Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков бүгүн эртең менен “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде бул маалыматты толугу менен четке какты. Ал ошондой эле Өзбекстан тараптын жогорудагыдай маалыматты расмий түрдө таратуусунун максаты кыргыз тарапка түшүнүксүз экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG