Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Өзбекстандыктар Ханабадга күтүүсүз кол салуу болгондугун тастыктоодо


Бул тууралуу өзбекстандык булактарга таянып Жалалабад облустук милициянын штаб башчысынын орун басары Ибрагим Шатманалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында 26-майда түн жарымынан кийин Өзбекстан ИИМдин Ханабад шаардык бөлүмүнө сакалчан адамдар күтүүсүз кол салышкан. Натыйжада тараптар ортосунда куралчан кагылышуу болуп, кол салган тарап граната колдонгон. Өзбекстан бийлиги кошумча күч колдонгондо сакалчан адамдар белгисиз тарапка качып кетишкен. “Алар англис тилинде сүйлөгөн адамдар деп атышат, арасында котормочусу да бар экен” дейт болжолдуу маалыматтарга таянган Шатманалиев. Милиция кызматкеринин айтымында бул окуяга байланыштуу Жалал-Абад облусунда Ички иштер кызматы алдын ала сактануу аракеттерин жасап, тартипти күчөтүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG