Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Пакистанга 100 миллион доллардан ашуун гуманитардык жардам берилет


АКШ Пакистанга 100 миллион доллардан ашуун гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Ак үйдө жарыялоо менен Вашингтон Исламабаддан түшкөн өтүнүчкө жооп берип жатканын билдирди. 100 миллион доллардан ашуун каражат Пакистандын өкмөттүк күчтөрү менен талип согушкерлери ортосундагы уруштардан улам жер которууга аргасыз болгон адамдарга жардам көрсөтүү, аларды чатыр, азык-түлүк, суу жана башка керектүү нерселер менен жабдуу үчүн жумшалат.

Пакистандын өкмөттүк күчтөрү талип согушкерлери менен учурда өлкөнүн түндүк-батышындагы Сват өрөөнүндө кармашууда. Улуттар уюмунун эсебине караганда, бул аймактан ушул айдын ичинде эле бир жарым миллиондой адам качып чыкты.

XS
SM
MD
LG