Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШнын вице-президенти Жо Байден Балкан өлкөлөрүнө сапарын баштады


Сараеводо ал Босниянын саясий лидерлери менен кездешип, парламентте чыгып сүйлөмөкчү. Байденди бул визитинде Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана коштоп жүрөт. Вице-президент Босниянын улуттук лидерлерин өлкөнүн Евробиримдикке жана НАТОго кабыл алынышы үчүн керектүү реформаларды жүргүзүүгө үндөйт деп күтүлүүдө. Эртең болсо Вашингтондун жогорку өкүлү Белградда Сербиянын президенти Борис Тажич менен жолугушмакчы. Анын Балкан турнесине Косово да камтылган.

XS
SM
MD
LG