Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары, чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов бүгүн чек арадагы жагдай тууралуу парламентте маалымат берди. Анын айтымында, 2011-жылдын башынан бери кыргыз-тажик чек арасында 8, ал эми кыргыз-өзбек чек арасында 7 жаңжал катталды. Чыр-чатактар негизинен жер-суу талаштарына, мал жайуу жана аткезчилик иш-аракеттерге байланыштуу болууда, дейт Тиленов. (EBM)