Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:55

Нарында радиожурналисттер кесиптештери Ж.Шералиевди, М. Баетовду эскерип, кесиптик майрамын белгилешти


Нарын облусунда радиожурналистиканын пайда болушу 1932-жылдарга туш келет. Ошол учурда ар бир райондо радио түйүндөрү иштей баштаган. Ат-Башы районундагы радио түйүндө белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиев алгач иштей баштаса, Нарын шаарындагы радио түйүндө биринчи жолу дагы бир келечектеги белгилүү композитор Муса Баетов иштеп, Нарын радиосун түптөшкөн деп маалымдады Нарын облусттук телерадио компаниясынын башкы редактору Турганбек Шайыков. Учурда Нарын радиосу күнүнө эки жолу КТР дин каналы аркылуу 20 минутадан республикага чыгууда. Эки жумадан бери биринчи жолу компьютер менен берүү даярдала башталды. «Биздин өзүбүздүн жыштыгыбыз жок, КТР аркылуу чыгабыз, облусттук телерадио компанияларына өзүнчө жыштык берилсе өнүгүүгө жакшы болмок»,- деди Шайыков. Радиожурналисттерди шаардын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров, губернатордун басма сөз катчысы Айнура Темирова куттуктады. Облуста бир көз карандысыз радио жана облусттук телерадиокомпаниясы бар. (JI)

XS
SM
MD
LG