Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Кыргызстандын эки айыл башчысын Өзбекстанда үч саат барымтада кармашты


Бул тууралуу окуяга күбө болгон Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургуну Сабира Мусаева «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, 20-апрель күнү Өзбекстандын Хушяр айылынын тургундары Баткен-Согмент жолун тосуп, автоунааларды өткөрбөй айнектерине таш ыргытышкан. Бул ээнбаштыктын себебин териштирүү максатында келген Баткен районунун Кыштут жана Согмент айылынын башчыларын өзбекстандыктар үч саат кое бербей, район акимдери келгенге чейин кармап турушкан. Баткен районунун акими Дастан Ходжаевдин айтымында чыр-чатак жайыт маселесинен чыккан. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү жолугуп сүйлөшкөндөн кийин чатак жөнгө салынды. Өзбек тарап талкаланган автоунаалардын айнектерин төлөп бере турган болду. Ал эми жайытты пайдалануу мыйзамда жазылган тартипте жүрө берет. Район жетекчиси ошондой эле айыл башчылары барымтада эмес, жөн гана жолугушууда болгонун кошумчалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG