Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

Kыргыз тилинин жаңыртылган орфографиялык сөздүгү чыгат


Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Азимжан Ибраимовдун айтуусунда, бул сөздүк эки айдан кийин жарык көрөт. Акыркы жолу мындай сөздүк 25 жыл мурун Хусейин Карасаевдин редакциясында чыккан болчу. “Кыргыз тилинде жаңы сөздөр, терминдердин пайда болушу сөздүктү жаңыртуу керектигин көрсөттү. Азыр жаңы чыга турган сөздүккө 85 миң сөз киргени жатат. Кыргыз тили өнүгүп, жаңыланып, масштабы кеңейүүдө ”,- дейт Азимжан Ибраимов. Сөздүк 5 миң нускада жарык көрөт. Андан кийин дагы кошумча 5 миң нускасы чыгарылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG