Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Мурдагы өкмөт башчысынан президентке атаандаш “клон” даярдалабы?


“Дело №…” гезити “Кожоюндун өзүнө атылган тапанча” деген ат менен оппозициядагы саясый ишмер Аликбек Жекшенкуловдун камалышына байланышкан макаланы 1-бетке жарыялоо менен жаңы санын ачты.

"Дело №" гезитинде 2007-жылдын декабрында киши колдуу болуп өлгөн түрк ишкери Четин Сервет, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Рыспек Акматбаевдин мураскери катары саналган Максат Карасартовдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Иляс, А. Жешенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов… Кыскасы мындан 2 жыл мурдагы окуя… Буга байланышы бар деген күнөө менен камалган А. Жекшенкулов тууралуу гезит кабарчысы Вадим Ночевкин баяндайт.

Гезиттин 2-бетиндеги Виталий Пожарскийдин макаласы: “Жекшенкуловдун ишин оппозиция “саясый иш” деп баалап жатат” деп аталат. Чуулуу тапанчаны А. Жекшенкулов 2004-жылы президент А. Акаевдин админстрациясында тышкы саясат бөлүмүнө башчы болуп турганда сыйлыкка алган. Ошондон бери ал анын сейфинде сакталып турган. “Кыргызстанда дагы дүйнөнүн башка жерлериндегидей эле жеке адамдарга таандык ок атуучу куралдардын баары каттодон өтөт. Жекшенкулов сый тапанчасын жогорудагы кырсыктуу окуя жасала электе алган, демек ал тапанча да каттодон өтүп, компьютерге салынган. Ал эми ИИМ ошого чейинки мөөнөттө каякты карап жүргөн?” деп суроо коет коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев.

“Дело …” гезити ошондой эле генерал И. Исаковдун соту анын адвокатынын өтүнүчү менен 16-мартка жылдырылганын, Алайда генералды коргоо комитети аракетке өткөнүн, комитет президенттин атына 500дөн ашуун адам кол койгон катты жөнөткөнүн, эгер генералды куугунтуктоо токтотулбаса Бишкекке жөө жүрүш жасалып, аялдар Акүй алдына ачкачылык жарыялап чыгарын кабарлайт.
-Бүгүнкү оппозиция алдыдагы шайлоодо президентке реалдуу атаандаш боло алабы?

Мына ушундай суроо менен гезит кабарчысы белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаровго кайрылганда тарых илимдеринин доктору буларды айтты:

- Оппозиция начар уюшкан, алсыз бирикме катары бийликке реалдуу коркунуч туудура албайт. Анын үстүнө баягы эле тааныш саясатчылардын эки жээкке туруп алып кайым айтыша бергени элди тажатты. Кыргызстандыктар оппозицядагы жаңы адамдарды көргүсү келүүдө.
- Оппозиция лидерлери мартта массалык түрдө нааразылык акцияларын баштайбыз деп убада берип жатат. Ошондой болоруна ишенесизби?
- Бул деген өзүн өзү алдоо жана бийликти коркутууга болгон далбаса. Ошондуктан массалык нааразылык болбойт.

Ошентип саясат иликтөөчү Нур Омаровдун айтуусунда президенттик шайлоо компаниясы А. Жекшенкулов менен И. Исаковго кылмыш иштери козголгонго чейин эле башталган. Алтургай оппозициядан чыга тургандардын добушун “жайлап” түшүш үчүн – мурдагы өкмөт башчысы жана мурдагы укук коргоочудан турган “талапкер-клондор” тандалып коюлган.

Ал эми оппозиция лидерлеринин президент К. Бакиев менен жолугушуу үчүн жасап жаткан аракети жөнүндө сөз кылган Нур Омаров, бул деген оппозициянын алсыздыгын түшүндүрөрүрүн айтты. Эгер оппозиция күчтүү болгондо мындай жолугушууга муктаж болмок эмес. Демек бул сүйлөшүүлөр эч кандай натыйжа бербейт.

Анын үстүнө өлкөдөгү бүтүндөй абалды өз көзөмөлүнө алып турган президентке оппозиция менен кандайдыр бир келишимге келүүнүн эч кандай маани-маңызы да жок. Ошондуктан жакынкы аралыкта олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Азыркы президент жок эле дегенде 2015-жылга чейин ордунда кала берет жана катуу бийлик режимин орнотот.

Гезит ошону менен бирге эле атактуу ырчы Алла Пугачева сахнадан кетер алдындагы коштошуу концертин Бишкекте да өткөрө турганын кабарлады.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “Кыймылсыз мүлк азырынча “кыймылдайлек” деген макала басты. Анда кыймылсыз мүлккө салык салууга президент тарабынан 2010-жылдын 1-январына чейин мараторий жарыяланганын, ага дейре калк арасында түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүп, кандай үйлөрдөн канча салык алынары тыкыр такталып чыгары баяндалган.

Кыймылсыз мүлккө салык салуу Жогорку Кеңеште талккууга алныган алгачкы учурда айыл жерлериндеги үйлөрдүн 90 пайызына, шаар ичиндеги 1,2,3 бөлмөлүү квартираларга жана жаңы конуштагы үйлөргө салык салынбайт деп айтылганын, бирок иш жүзүндө тескери болуп чыкканын, бирок “мындай салыктын” авторлору жооп бербей кала бергендигин кеп болгон.

Гезит мындан кийинки бир макаласында Кыргызстандын психиатрикалык ассоциациясы “Психикалык ден соолук жана коом” деп аталган коомдук бирикмени сынга алганын, аталган ассоциянын ою боюнча коомдун отчетунда көрсөтүлгөндөр чындыкка дал келбестигин, укук коргоочулар психикалык ден соолук кызматынын реалдуу ишин жаманаттылап жарыя кылганын айтып чыккан.

“МК” гезити мындан тышкары Дүйнөлүк Валюта Корунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча департамент деректири Масуд Ахмед Бишкекте болуп конференция өткөргөнүн, анын айтканы боюнча Кыргызстан дүйнөлүк кризисттен катуу запкы тарта турган өлкөлөрдүн тизмесинде экенин, ошондуктан жакырчылык менен күрөшүү максатында ага 100 миллионго жакын доллар өлчөмүндө жардам берилет деп айтканын маалымдады.
XS
SM
MD
LG