АКШ базасын чыгаруу чечими кабыл алынганын президент Курманбек Бакиев 3-февралда Москвада жарыялаган. Мына ошол күнү Москванын Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар грант, Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берүү маселеси чечилген.
Россия андан сырткары Кыргызстандын 193 миллион доллар тышкы карызынын бир бөлүгүн “Дастандын” 48 акциясына алмашып, калган бөлүгүн кечүүгө макул болгон. Мына ушул эки иштин бир убакта жана бир жерде аткарылышы базаны чыгаруу маселеси Москвада чечилгенин айгинелегенин талдоочулар белгилешкен.
Базаны чыгаруу сунушун Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Кеңешке 5-февралда жолдогон. Андан бери парламенттин үч комитети жана үч фракциясы өкмөттүн сунушун карап, алардын ичинен социал-демократиялык фракция гана базаны чыгарууга каршылыгын билдирсе, калгандары колдоп берди.
Бул маселе Жогорку Кеңештин өзүндө 19-февралда каралып жаткан учурда да социал-демократиялык фракция базаны чыгарууга каршы чыкты. Ал тууралуу фракциянын лидери Бакыт Бешимов билдирүү жасады:
"Азыркы мезгилде жана келечекте Кыргызстан жана дүйнө, финансы-экономикалык кризис жана терроризмдин күчөшүнө байланыштуу татаалдыктарга жолугат. Мына ушундай шартта Манастагы жана Канттагы базалар терроризмге каршы күчтөрдүн маанилүү чынжырлары эле. Ошондуктан Манастагы базаны чыгаруу шашылыш жасалган нерсе жана ал регионалдык коопсуздукту алсыратат. Бул биздин улуттук кызыкчылыкка туура келбейт."
Жогорку Кенештеги “Ак жол” жана коммунисттик фракциялар базаны чыгаруу демилгесин толук колдоп чыгышты.
"Биз эгемендүү мамлекетпиз. Азыр бизге мындай базанын эч кереги жок. Ал өзүнүн кызматын өтөп бүттү ",- деп сүйлөдү "Ак жол” фракциясынын мүчөсү Махамаджан Мамасаидов.
Анын партиялашы Бегалы Наргозуев АКШ менен жакшы мамилени сактоо маселесине көңүл бурду:
"АКШны биздин эгемендүүлүктү биринчи тааныган, Кыргызстанда биринчи элчилик ачкан, 17-жылдан бери кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө моралдык, финансылык жардам берип келаткан эң жакшы санаалаш мамлекет катары билебиз. Америка мамлекети кыргыз экономикасын реформалоого, кыргыз демократиясын калыптандырууга чоң салым кошуп келатат".
Жогорку Кеңеште маселе талкууланып жаткан учурда 2002-жылы америкалык жоокердин эки кыргыз аялын автоунаа менен уруп кетүүсү, 2006-жылы Ивановдун атылышы, аскерий учактар тарабынан авиакеросиндин абага чачылышы байма-бай көтөрүлдү.
Мына ушундай талкуулардан кийин парламент базаны чыгаруу боюнча добуш берүүгө киришип, анда 78 депутат чыгарууну колдоп, экөөсү каршы, бирөө калыс добуш берди.
АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин айтымында, Москва Ооганстан маселесинде эки жактуу ойноп жатат. Бир жагынан Ооганстан боюнча биргелешип иштешүүгө оң ишараларды берип жатса, экинчи жактан "Манастагы" база маселесинде каршы чыгууда. Кыргызстандын базаны жабуу чечими АКШны Ооганстандагы аскерлерин жабдуу үчүн башка жолдорду издөөгө аргасыз кылууда. "Манас" аба майданы аркылуу ай сайын 15 миң аскер өтүп, 500 тонна жүк ташылып турчу.
АКШ баш болгон 12 өлкөнүн аскерлерин "Манас" аба майданына жайгаштыруу боюнча келишимдер кыргыз парламентинде 2001-жылдын декабрында ратификацияланып, андан кийин антитеррордук коалициянын аскерлери, техникалары, учактары жайгаштырыла баштаган.
Ооганстандагы антитеррордук операциянын мөөнөтү узарган сайын АКШнын базасы Кыргызстанда көпкө калып калат деген геосаясий тынчсыздануулар Россия жана Кытай тараптан көбүрөөк айтылып, ал 2005-жылы Шанхай Кызматташуу Уюмунун Астанадагы саммитинде “базаны чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо” талабын коюуга алып келген.
Кыргыз тарап база үчүн ижара акысын көбөйтүү максатында 2006-жылы сүйлөшүүлөр баштаган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча АКШ жыл сайын ижара акысы үчүн 17 миллион 400 мин доллар төлөөгө, андан сырткары кошумча жардамдын көлөмүн 150 миллион долларга жеткирүүгө сөз берген, бирок аткарган эмес.
Кыргызстан ижара акы үчүн 2006-жылдан бери жыл сайын 17.4 миллион доллар алып турган. Ага чейин иажара акы үчүн 2 миллион доллар төлөнчү.
"Манас" аба майданындагы АКШ аскер базасы жөнүндө келишимди токтотуу жөнүндөгү мыйзамга президент кол койгондон кийин ал жөнүндө Тышкы иштер министрлиги Вашингтонго маалымдайт. Ошондон 180 күндөн кийин Манастагы аскерий база чыгарылууга тийиш.